Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Нурдин Алишеров БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун саммитине катышты

28.07.2023 11:23
346
Нурдин Алишеров БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун саммитине катышты


Айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) "БУУнун тамак-аш системаларынын биринчи инвентаризациясы" аттуу саммитине катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара 24-26-июль аралыгында Италиянын Рим шаарында өттү.

Иш-чара Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдө азык-түлүк системаларын кайра уюштуруун негизги ролун эске алуу менен милдеттенмелерди аткаруудагы прогрессти талкуулоо, ийгиликтерди, артыкчылыктарды жана келечектеги пландарды аныктоо максатында өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу чоң потенциалга ээ экендиги жана акыркы жылдары активдүү өнүгүп жаткандыгы белгиленди.

Министрдин биринчи орун басары өз сөзүндө Кыргызстанда айыл чарбасы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн борбордук звеносу болуп саналарын айтып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Саммиттин алкагында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БДП) жана башка кызыктар тараптардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өтүп, Кыргызстан менен кызматташуунун учурдагы артыкчылыктуу багыттары жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Саммитке 20дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары катышып, глобалдык агроазык-түлүк системаларын өзгөртүү боюнча аракеттерди активдештирүү чакырыгы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн