Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 14:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Нургүл Бакирова БУУнун сессиясында адам укуктары боюнча доклад жасады

29.04.2025 09:57
27
Нургүл Бакирова БУУнун сессиясында адам укуктары боюнча доклад жасады


Күн мурун Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова Женева шаарында өтүп жаткан БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү серебинин жумушчу тобунун 49-сессиясына катышты.


Кыргызстандын төртүнчү улуттук баяндамасын берүү үчүн Женева шаарына  Кыргызстандын  министрлик жана ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турган  расмий делегациясы барган.


Сессиянын жүрүшүндө  Нургүл Бакирова атайын доклад менен чыгып, анда өлкөнүн туруктуулугу жана  өнүгүшү түздөн түз сот бийлигинен көз каранды экендигин билдирди.


“Белгилүү болгондой, соттук реформа өлкөдөгү бардык өзгөрүүлөрдүн негизин түзөт. Анткени укуктук мамлекеттин пайдубалы – калыс жана көз карандысыз сот. Эгер Кыргыз Республикасындагы сот рефориасына токтоло турган  болсом, региондордо сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында жергиликтүү соттордун судьялары ротацияланып жатат.


Сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн жаңы, заманбап талаптарга жооп берген сот имараттары курулуп, аймактарда "Сот адилеттик үйлөрү" ачылды.


Ал эми сот тутумуна  мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү укугу берилди.


Мындан тышкары, сот системасынын ачык-айкындуулугун жана жарандардын ишенимин арттыруу максатында Жогорку сот өлкө боюнча бардык сот имараттарына QR-код стенддерин орнотту. Алар аркылуу сот иштеринин катышуучулары судьялардын жана сот тутумунун иши тууралуу пикир калтыра алышат”, - деп белгиледи Нургуль Бакирова.


Талкуунун жүрүшүндө БУУнун мүчө-мамлекеттери жана эл аралык өнөктөштөр менен мазмундуу жана динамикалуу пикир алмашуу өткөрүлдү.


Делегация мүчөлөрү өз сөздөрүндө Кыргызстандын адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, илгерилетүү ишине туруктуу берилгендигин өзгөчө белгилешип, ошондой эле бул багытта өлкө алган эл аралык милдеттенмелерди ырааттуу аткарууга чечкиндүүлүгүн ырасташты.


Өзгөчө көңүл жарандардын укуктарын камсыз кылуудагы жетишкен ийгиликтерге, гендердик теңчиликти алдыга жылдырууга, мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин чыңдоого жана жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө бурулду.


Кыргызстан жетишилген жыйынтыктарды бекемдөө жана адам укуктарын натыйжалуу илгерилетүү максатында эл аралык коомчулук менен активдүү кызматташууну улантууга бекем даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн