Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Нурлан Шакиев Садыр Жапаровду Бакиев менен кантип жолуктурганын айтты

26.01.2021 10:58
7076
Нурлан Шакиев Садыр Жапаровду Бакиев менен кантип жолуктурганын айтты


NewTV телеканалынын директору Нурлан Шакиев СуперТВ телеканалындагы "Саясий коктейль" берүүсүнө курган маегинде Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибековду Курманбек Бакиев менен жолуктурганын айтты. Бул окуя 2008-жылы болгонун эскерген Шакиев ошол жолугушуудан кийин үч саясатчынын кызмат ордулары чечилгенин билдирген.


2008-жылы генерал Рашид Тагаев 50 жылдык тоюн өткөрүп калды. Ошол учурда мен президенттин (ред. Курманбек Бакиев) маалымат катчысы элем. Тойдо тыныгуу болуп калганда Камчыбек Ташиев мен жака басып келип учурашты. Ал жай сурашкандан кийин “Нурлан, биз президентке кирип чыгышыбыз керек эле, көптөн бери кабыл албай, кире албай жатабыз” деп айтты. Анан менден жардам сурады. Биз дегенде ким деп сурасам, Садыр Жапаров менен Акматбек Келдибеков кошо кирерин билдирди. Буларды ошондо “Ак жол” партиясына кошпой койгон. Эртеси Курманбек Салиевичке кирип айттым. Ал киши көп өтпөй эле кабыл алды. Мен үчөөсүн алып кирип, өзүм чыгып кеткем. Бул жолугушуу 1 сааттан ашып, андан чыккандан кийин алар түз эле мага киришти. Алар жакшы сүйлөшкөнүн, кызматтары да чечилгенин билдирди. Келдибеков “Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри, Садыр Жапаров комиссар боло турган болду, мени бир аз күтүп тур деди” деп айтты. Ошондон кийин Ташиев ӨКМди жетектеп калды, Жапаров комиссар болду, Келдибековдуку 3 айдай созулуп, ал да Салык кызматына төрагасы болуп барды”, - деген ал.

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Кокуй
Айтты,кайтты болуп, ,,мага ишенип озунуз жетектеп берин,,- деп эс алып жургон жеримден чакырткан деп ордокторду учурган экен да
Омур
Башынан эле бул уч айбан, подхалим, билимсиз тура, оз кучтору менен иштеген ге акылдары, дарамети детпейт
Зейнеп Эргешовна
Ушул да сөзбү! Ушакчылар тажатты! Ким? кантип, качан, кандай кызматка келген кимге кызык!
Сапар
бутундой элге кызык,
Сейитбеков Абдибали Пайзиллаевич
Ыйман деген кыпындай да жок экен.Ушул чын болсо.
Мен
С. Жопаров Бакиевдин комиссары болуп таанылганы факт! Эми ошол антикоррупциялык болумдун комиссары азыр кыйратам деп элди алдап келди. Элдик женишти Бакиевдерге уурдап берди!