Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 18:30:01
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды

05.10.2022 15:49
553
Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды


"Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутат Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөтүп, "Ишеним", "Альянс" фракциялары менен "Элдик" тобу колдоду.

Шакиевдин талапкерлиги үчүн 80 эл өкүлү "макул" добуш берсе, алтоо "каршы" болду. Бир бюлеттен жараксыз деп табылды. Жашыруун добуш берүүгө 90 депутаттын 87си катышты.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 5-октябрдагы жыйынында кызматтан кетип жаткандыгын билдирип, бул анын жеке чечими экендигин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн