Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Нурланбек Шакиев депутаттарды мыйзамдарды иштеп чыгууга активдүү катышууну тапшырды

10.04.2023 12:42
186
Нурланбек Шакиев депутаттарды мыйзамдарды иштеп чыгууга активдүү катышууну тапшырды

Бүгүн, 10-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги тармактык комитеттердин төрагалары менен жолугушту.


Жолугушууда мыйзамдарды кабыл алуу жаатындагы бир катар маселелер талкууланып, анын ичинен тармактык комитеттердин иши боюнча сөз болду.


Төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын негизги иш милдеттеринин катарында мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү да бар экенин белгилеп: “Мыйзам долбоорлорун демилгелеп, жазууга депутаттар да жигердүү катышуубуз шарт. Анткени, эл өкүлү катары эл менен тыгыз иштешкендиктен, көйгөйдүн көпчүлүгү бизге белгилүү. Муну менен катар кабыл алынган мыйзамдар бир топтун эмес, бүткүл Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылышы үчүн сапатына өзгөчө көңүл буруубуз зарыл”, – деди.


Ошондой эле Министрлер кабинети ар бир маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизерде бардык тиешелүү документтерди алдын-ала камсыздашы керектигин айткан Нурланбек Шакиев бул жаатта кемчиликтер бар экенин кошумчалады. 


Мындан тышкары жолугушууда айрым мыйзам долбоорлорунун тегерегинде сунуш-пикирлер айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн