Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:17
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Нурланбек Шакиев "Манас" университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

23.03.2023 16:32
219
Нурланбек Шакиев "Манас" университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты.


 




 Төрага Нурланбек Шакиев университеттин ректору Алпаслан Жейлан баштаган жетекчилердин коштоосунда окуу жайдын китепканаларын, теле жана радио студияларын, Инженердик жана Табигый илимдер факультеттеринин лабораторияларын, ветеринардык клиникасын жана студенттеринин жатаканасын көрүп чыгып, андагы техникалык база жана түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат алды.




Алсак, окуу жайда 4 институт, 11 факультет жана 2 жогорку мектеп иш алып барып, 6 миңден ашуун студент билим алат. Келечекте факультеттердин жана студенттердин санын көбөйтүү мерчемделип, 2024-жылы дүйнөдөгү алдыңкы 500 университеттин катарына кирүү максаты коюлган.




Окутуучулар жамааты жана студенттери менен өткөрүлгөн жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев кыргыз-түрк кызматташтыгына көпүрө болгон окуу жайдын ишмердүүлүгүнө жогору баасын берди.




“Университеттеги заманбап материалдык-техникалык база жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар Кыргызстандагы алдыңкы билим берүү мекемеси экенин айгинелеп турат. Айрыкча, “Манас” илим менен таржыйба айкалыштырып жүргүзүлгөн окуу ыкмасы жана коррупциялык көрүнүштөрдүн жоктугу менен өзгөчөлөнүп келет”, – деди.




Муну менен катар билим берүү жаатындагы маселелерге токтолгон төрага: “Биздин келечегибиз билимге гана байланган. Аталган тармак аксап турса, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Андыктан, билим берүүгө көрсөтүлгөн колдоо, келечекке жасалган инвестиция экенин эске алып, комплекстүү реформаларды ишке ашырышыбыз кажет. Бул жааттан алганда “Манас” университети көпчүлүк окуу жайлар үчүн үлгү”, – деп кошумчалады.




Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, окутуучулар жана студенттер тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылды. Анын ичинен окуу жайга мамлекеттик макам ыйгаруу, дипломдордун жана илимий даражалардын Кыргызстан менен Түркияда бирдей таанылышын камсыздоо, өлкө боюнча студенттер үчүн социалдык жеңилдиктерди берүү маселеси көтөрүлдү.




Төрага Нурланбек Шакиев айтылган бардык маселе эске алынып, тиешелүү мекемелер менен бирге керектүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.




Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасын депутат Камила Талиева, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров коштоп жүрдү.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн