Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 20:51:43
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Нурланбек Шакиевдин Азербайжанга расмий сапары башталды

04.06.2024 15:14
255
Нурланбек Шакиевдин Азербайжанга расмий сапары башталды


Бүгүн Жогорку Кеңешитин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Азербайжандагы расмий сапары башталды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Азербайжандын Улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Андан соң өлкөнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн курман болгон Азербайжан элинин баатыр уулдары көмүлгөн Шейиттер аллеясындагы Өчпөс отко да гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди.

Расмий сапар мындан ары жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланып, анда мамлекеттер аралык байланыштарга жана парламенттер ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү маанилүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Саидбек Зулпуев, Чолпон Султанбекова, Нуржигит Кадырбеков, Уланбек Бакасов, Таалайбек Сарыбашов, Дастанбек Джумабеков, Кубанычбек Самаков, Мирлан Самыйкожо жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн