Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Нурмат Садыров: Жол кырсыгынан бутум баспай, мойнум кесилгенде атактуу эле ырчылар таштап кеткен (видео)

29.04.2021 10:51
3789
Нурмат Садыров: Жол кырсыгынан бутум баспай, мойнум кесилгенде атактуу эле ырчылар таштап кеткен (видео)


Ырчы Нурмат Садыров Ютубдагы “Канат Шоумен” каналынын “Эки сөз” долбооруна маек берип, чыгармачылыгындагы акыркы окуялар, Россия жергесине болгон гастролу, ырчылыктын оор түйшүктөрү жана жыргалчылыгы тууралуу суроолорго жооп берди.


Анын айтымында, 1-апрель – тамаша күнүндө теле алып баруучу Айзаданын колун сураган күндөн бери аны чынга айландырып алган күйөрмандары бар. “Айзада сени жеп коёт деп тамашалап калышат. Бирок ал назик, аябай жакшы кыз. Бул тамашаны Айзада менен алдын ала сүйлөшүп эле жасаганбыз”, - дейт ырчы.


Ошондой эле ал Екетарингбургда кечки саат 8де баштала турган концерти ар кандай маселелерден улам түнкү 01де башталганын, ошого карабай ал жактагы күйөрмандары күтүп турганын жана аларга ыраазы болуп, 3 сааттан ашык тынбай ырдап бергенин айтты.


Нурмат Садыров суроолорго жооп берип жатып, гастролдоп жүргөндө эң оор күнгө кабылган окуялардын бирин эске салды.

“Аттарын айтпай, эле коёюн, атактуу эле ырчылар менен чогуу жүрүп Балыкчыдан келе жатып  кырсыктап, жаак тарабым айрылып, негизги тамырга миллиметр гана калган. Жаракат алган жеримди Балыкчыдан тез жардам кызматына тиктиргем. Ошол кезде эки бутумдун тамыры чоюлуп калгандыктан бир жумадай баса да албай калдым. Ырчылар унаага салышты дагы, келе жатып, үйлөрүнө түшүп калышып, Бишкекке келгенде мени таксиге салып жиберишкен. Эгерде мен болгондо жанымда тааныган ырчы эмес, бейтааныш адам болсо дагы буту баспай, мойну кесилген адамды таксиге салып, таштабайт болчумун. Тирүү калганыма Аллага шүгүр. Ал кезде жаңы шаарга келип, батирде жашап кыйналып жашачубуз. Акча жок кез. Үйгө келсем, байкем аябай ызаланып, “ал ырчыларга чалам” деп жини келди. Бирок алар менен чыгармачылыкта дагы иштей турган адамдар деп чалтырткан эмесмин. Байкем ооруканага алып барып, кабаттан жыгылып кетти деген шылтоо менен жаткызды. Ал эми бизди сүзүп кеткен күнөөлүү тарап, доом жок деген тосмо арызды алгандан кийин алар дагы келбей коюшту. Дарыланууга кеткен чыгымды үйдөгүлөр каржылаган. Кыйынчылыктын артында баары бир жакшы күн келет экен. Азыр деле алар менен мамилем жакшы, бирок жүрөктө калат экен, ооруканада жатканда ал жакка дагы келбей коюшкан”, - дейт Нурмат Садыров. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн