Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 01:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Нурсултан Назарбаев Токаевди президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады

21.11.2022 11:20
750
Нурсултан Назарбаев Токаевди президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады



Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу "Спутник Казакстан" кабарлады.



«Сизди Казакстан Республикасынын Президентинин шайлоосундагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм!


Бул жеңиш сиздин мамлекет башчысы катары жогорку беделиңизди айгинелейт жана Сиздин масштабдуу реформаларыңызга жана жаңы демилгелериңизге элдин кебелбес ишениминин, ошондой эле мамлекетибиздин көз карандычыздыгына доо кетип жаткан сааттарда көрсөткөн туруктуулугуңуздун, чечкиндүүлүгүңүздүн жана акылмандыгыңыздын таанылгандыгынын талашсыз далили.

Сизге ар дайым элдин жалпы колдоосуна жана урмат-сыйына ээ болушуңузду каалайм», - деп айтылат биринчи президенттин куттуктоосунда. 


Расмий маалымат боюнча, 20-ноябрда өткөн шайлоого дээрлик 70 пайыз шайлоочу катышып, анын 80 пайыздан ашууну учурдагы өлкө башчыга добуш берди. Бул күтүүсүздүк болгон эмес, анткени саясат талдоочулар башка талапкерлер Токаевге татыктуу атаандаштык көрсөтө албасын белгилешкен эле. Ал тургай талапкерлер Жигули Дайрабаев менен Салтанат Турсынбекова шайлоону таанып, Касым-Жомарт Токаевди жеңиши менен куттуктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн