Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Келе жаткан 2022-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сизге, үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга чың ден соолук, түгөнгүс энергия жана бакубатчылык каалайм. Жаңы жыл өлкөңүздүн элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтүү жана жемиштүү болсун», — деп айтылат куттуктоо катында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн