Казакстандын төмөнкү парламентинин спикери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин санаалаштарынын бири Нурлан Нигматулин кызматынан кетти. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.
Маалым болгондой, Нигматулин өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырып берген. Анын ордуна президенттин Администрациясынын башчысы Ерлан Кошанов депутаттык мандатка ээ болду.
Нигматулин буга чейин "Нур-Отан" партиясынын саясий кеңешинен дагы чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн