Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Россияда эне кызы менен бир убакта баңгизат менен кармалганын билдирди.
Анын айтымында, аларды атайылап баңгизат менен карматкан.
"Мага Россиядагы мекендештерден маалымат түштү. Мурда баңгизат менен кармалгандар бир-бирден кармалса, азыр бир убакта баңгизат эне кызы менен кармалыптыр.
Муну атайын жасагандар да жок эмес.
Тиешелүү министрликтер иш алып барып, жарандарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн