Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:26
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Мен дайыма Кудайдан убакытка береке тилейм”

17.03.2024 15:19
1429
Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Мен дайыма Кудайдан убакытка береке тилейм”


- Нуржигит мырза, жакында эле “Мен атамды таптым” деп аталган жаңы китебиңиздин бетачары жогорку деңгээлде өттү. Ошол китептин жазылуу таржымалы тууралуу кыскача кеп салып берсеңиз?


- Өткөндө китепти окугандардын бири “карапайым кишилердин кадырынын көтөрүлүшүнө себеп болгон китеп экен” деп айтты. Эмне үчүн дегенде, элди аралап жүрүп ар кандай кишилер менен сүйлөшөсүң да. Ошондой жолугушуулардын учурунда көңүлүмө кыттай уюган сөздөрдү эстеп калып, “Түптүн баланча айылында баланча апа мындай деди, Кара-Кулжанын түкүнчө айылында түкүнчө ата мындай деди” деп жазып жүргөм. Экинчи, ой толгоолор бөлүгүндө ынтымактын формуласы, сыр сактоонун пазилеттери, пайдалары жөнүндө жаздым. Үчүнчү бөлүккө болсо көркөм чыгармалар, мисалы, класска жаңы келген бала, апам айтып берген окуя боюнча жазылган “Дөңгөч” деген аңгемем, түркиялык саясатчы Эрол Тайа айтып берген икая, анан эң башкысы, апамдын бала кездеги тагдыры тууралуу “Мен атамды таптым” аттуу аңгеме кирди. 


- Депутаттын, партиянын лидеринин иши канчалык көп экени белгилүү да. Эгер сыр болбосо, чыгармачылыкка кантип убакыт табасыз?


- Мен дайыма Кудайдан убакытка, өмүргө, ырыскыга береке тилейм. Алла Таалам береке бергенине шүгүр. Уйкуну азайтыш керек. Эрте жатып, эрте турсаң, ишиң бат бүтөт. Мисалы, түшкө чейин күн аябай берекелүү болот. Анан жуманын бир күндөрүн чыгармачылыкка арнап коюш керек экен. Адам бир эле иш менен алек болсо тажап, чарчап калат. Эртеден кечке саясат кыла албайсың, эртеден кечке бел оорутуп, кол жоорутуп, дыйканчылык кыла албайсың. Ошондой мезгилде ишти алмаштырып отурсаң, биринчиден, убактың теке кетпейт, экинчиден, бардык тармакты камтып кетесиң. Ушундай жол менен болду го деп ойлойм…  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн