Нью-Йорктун соту Кыргызстанга санкция салуу тууралуу "Центерранын" өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" жазды.
Судья "автоматтык токтото туруу тартиби" бузулду деп айтууга азырынча эрте экенин билдирген.
25-августта "Центерранын" адвокаттары Нью-Йорк сотуна кайрылышып, Кыргызстанга күнүнө 1 млн доллар айып салуу өтүнүчүн келтиришкен.
Кыргызстан "Кумтөргө" убактылуу сырттан башкаруу киргизгенден бери "Центерра" кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык сотто кайрылып келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн