Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Облус башчылары жана Ош менен Бишкектин мэри эл менен жолугушат (график)

06.04.2022 09:54
392
Облус башчылары жана Ош менен Бишкектин мэри эл менен жолугушат (график)



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында өтөт.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин чечилишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.


Иш-чаралар бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.


Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин жолугушууларына бардык кыргызстандыктарды активдүү катышууга чакырабыз.


Жолугушуунун графиги тиркелет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн