ЮНФПАнын Кыргызстандагы өлкөлүк кеӊсеси Саламаттык сактоо министрлигинин өтүнүчү менен обсервация жайларына жана төрөт үйлөрүнө карантинге алынган жарандарды гигиеналык каражаттар менен камсыздоого жардам берди, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.
Жалпы жонунан Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун көмөгү менен жабыр
тарткан райондорго 5 миң даана гигиеналык каражаттардын топтому жеткирилип берилди.
Жакынкы күндөрү калктын аярлуу катмарына, анын ичинде изоляцияланган
үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кошумча 3 миң
даана гигиеналык каражаттар топтому берилээри күтүлүүдө.
Мындан тышкары, ЮНФПАнын Кыргызстандагы өлкөлүк кеӊсеси жабыр тарткан райондордогу мобилдик топторду ташып жүрүүчү транспорт уюштурууга колдоо көрсөтүп, алыскы райондордо ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун бөлүмдөрү аркылуу уюштуруп берди.
Ошондой эле, карантиндик аймактарда кош бойлуу аялдарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүлөрдү улантуу үчүн техникалык колдоо көрсөтүп жатат.
“Обсервация жайларында обочолонуудан тышкары, адамдар анализдеринин жыйынтыгын күтүп жаткан убакта стресске кабылышат, ошондуктан өздүк гигиена маселелери көйгөй жаратпашы керек”, - деп белгилейт министрликтин басма сөз кызматы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн