Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Тажикстандагы жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркечтам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн