АКШнын Огайо штатындагы мекендештер Бишкек шаарына жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мекендештер Бишкек шаарына эки кычкылтек концентраторун белек кылышты. Мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев жабдыктарды кабыл алып, пандемия маалында жардам берген кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.
Бул концентранттар күндүзгү стационарларга берилет. Буга чейин «Газпром Кыргызстан» компаниясы мэрияга 30 кычкылтек концентраторун берген, эми жалпы 12 күндүзгү стационарда 109 концнтратор бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн