Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Октябрь Урмамбетов ИИМдин Катчылыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

17.12.2021 17:16
616
Октябрь Урмамбетов ИИМдин Катчылыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады


Бүгүн, 17-декабрь күнү ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов ИИМдин Катчылыгынын түзүлгөн күнүнө карата кесиптик майрамы менен куттуктап, Катчылыктын ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн жогорку профессионалдуулугу үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге медалдарды, ардак грамоталарды жана алкыштар тапшырылды.


Кызматтын негизги милдети – Ички иштер министрлигинде башкаруучулук иш-кагаздар менен камсыз кылуу. Келип түшкөн кат кабарларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу, ченемдик актыларды эсепке алуу, жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары менен иштөө, аларды жеке кабыл алууну уюштуруу, документтердин аткарылышын көзөмөлдөө - булардын бары Катчылыкка жүктөлгөн.


“Биздин ишмердүүлүктө иштер көп, бирок бир караганда Катчылыктын иши жеңил сезилиши мүмкүн, бирок аларда маанилүү эмес болгон иштер болбойт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын кызматкерлеринин ак эмгеги, алардын күнүмдүк, көп байкалбаган иши, алардын сапатына ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу түздөн-түз көз каранды, жылдан жылга бир жалпы максатка жетүү үчүн коомдук коопсуздукту камсыздоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу үчүн олуттуу салым болуп саналат. Аталган кызматтын бардык кызматкерлерине ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ийгилик жана жакшы жумуш маанай каалайбыз!”- деп Октябрь Урмамбетов белгиледи.


Ички иштер министрлигинин Катчылыгынын тарыхы 1924-жылдын 21-октябрынан башталат, ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун революциялык комитети - Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик бийликтин убактылуу органы түзүлгөн.


Бүгүн катчылыктар (канцелярия) бардык башкы башкармалыктарда жана башкармалыктарда, өз алдынча бөлүмдөрдө, кызматтарда, окуу жайларында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББда, облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыктарында ишин жүргүзүп келет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн