5-6-октябрь окуяларында жаракат алгандардын тизмеси түзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө активисттер өз демилгелери менен хирургдарды табышып, жабырлануучулардын айрымдарына операция жасоого жардам беришти.
«Бишкектеги 5-6-октябрда башаламандыкта жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү өкмөт көзөмөлгө алат. Ар бир жабырлануучу белгилүү бир ооруканага жаткырылат, биз реабилитацияны уюштурабыз», – деди Сурабалдиева.
5-6-октябрь күндөрү Бишкекте митинг болуп, башаламандык менен аяктаган. Натыйжада милиция кызматкерлери дагы, митингдин катышуучулары дагы жапа чегишти. Бир нече адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн