Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Октябрь окуялары: Атамбаев баштаган саясатчылар акталды

28.06.2022 19:00
427
Октябрь окуялары: Атамбаев баштаган саясатчылар акталды


Биринчи май райондук соту Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди октябрь окуялары боюнча актады.

Судья анын аракеттеринде кылмыштын белгилери болгон эмес деп тапты.

Мамлекеттик айыптоочу Алмазбек Атамбаевди Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга камакка алууну сураган.

Мындан тышкары, Октябрь окуялары боюнча Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, КурсанАсанов, Жеңиш Молдокматов, Канат Сагынбаев жана Темирлан Султанбеков да акталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн