Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:57
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Октябрь окуясы: Прокурор Атамбаевди 12 жылга эркинен ажыратууну сурады

28.06.2022 16:39
368
Октябрь окуясы: Прокурор Атамбаевди 12 жылга эркинен ажыратууну сурады


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү бүтүп, мамлекеттик айыптоо менен адвокаттардын жарыш сөзү башталды. Анда мамлекеттик айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сурады.

Прокурор Атамбаевдин ошол кездеги кеңешчиси Фарид Ниязовду, мурдагы жансакчы Канат Сагымбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кесүүнү, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча тогуз жылга эркинен ажыратууну сурады.

Прокурор ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен "Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси “Массалык башаламандыктар” (2021-жылдагы редакция менен - ред.) жана Жазык кодексинин 257-беренеси “Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу” (2017-жылдагы редакциясы менен - ред) күнөөлүү деп таап, тогуз жылга абакка кесүүнү соттон өтүндү.

Белгилей кетсек, Октябрь окуясына байланыштуу аты аталган жети кишиге айып тагылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн