Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:10
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Октябрь окуясынан сабак албаппыз. Депутат Бишкекте өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштады

20.04.2021 14:42
788
Октябрь окуясынан сабак албаппыз. Депутат Бишкекте өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Бишкек шаардык кеңештин шайлоосун жокко чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.


"Жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Айрыкча Бишкекте бир топ тополоң менен өттү. Ушуну жакшылап караш керек. Октябрдагы окуялар бизге сабак болбогондой болуп жатат. Мамлекетти туура жолго салабыз десек, шайлоону тазалаш керек. Азыр бир партия жөнүндө чечим кабыл алыныптыр, менин оюмча, Бишкек шаардык кеңештин шайлоосун жокко чыгарыш керек. Ошондой жол менен келбесек элдин турмушун оңдой албайбыз", - деди депутат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Биринчиден таза отот шайлоолор мындан ары дегкн Жапаровго бергиле суроону.Екинчиден парламенттик деле ыплас отот.Али ким келиши депутат болуп чечилген.