Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Октябрь райондук билим берүү борборунда коррупциялык факт аныкталды, - УКМК

23.10.2020 14:58
533
Октябрь райондук билим берүү борборунда коррупциялык факт аныкталды, - УКМК


УКМК Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборундагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун мурунку айрым кызматкерлери, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ээлеп алууда, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын орун басары Т.К., Каржы министрлигинин Октябрь райондук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Н.С. менен жең учунан сүйлөшүп алып иш алып барып жүргөндүгү аныкталды.


Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөндө Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетине алдын-ала эсептөөлөр боюнча 90 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.


2020-жылдын 21-октябрында сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Азыркы учурда бул кылмыш иш боюнча тийешеси бар адамдарды жана кылмышка катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган комплекстик ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн