Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Аалиев кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактары билдирген.
Маалым болгондой, аны менен бирге Ленин РИИБдин кызматкери жана Октябрь РИИБдин тергөөчүсү кармалган
«Алдын ала маалыматтар боюнча, үчөө тең алдамчылыкка шектелген Асыла Талипованы кармоо учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалган. Кылмыш ишин Аскер жана Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү иликтеп жатышат», - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн