Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Октябрда максатына жетпей калгандар, кайра эле тополоң чыгарууга камынууда

12.04.2021 09:55
1213
Октябрда максатына жетпей калгандар, кайра эле тополоң чыгарууга камынууда

Кандай баа бергенде дагы көпчүлүктүн тандоосуна макул болгонду үйрөнүү керек. Ооба, жаңы түзүлгөн партия утушка жетти, аны бийликтин партиясы болчу деп жатасыңар. Сындап кыйкырып, түндө эң биринчи митингге чыгып жаткандар деле убагында өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн партиясын эң көп добуш менен өткөрүшкөн. 


"Эл болбой калыптыр, акчага сатылды" деп эң көп кыйкырып жаткан партия - элге акча таратуунун, сатып алуунун мастерствосун өздөрү убагында үйрөтүшкөн болчу. 


Бийлик өзүнүн күчүн, командасын бекемдөө үчүн партия аркылуу болгон мүмкүнчүлүгүн чогултат. "Реформа" бийликте болсо, алар деле 40-60% алууга умтулмак. 


Азыр, бийликчил деген "Ата Журт Кыргызстан" партиясы жергиликтүү кеңештерде алдынкы жана жогорку орундарды алышты. Ырас, бийликтин партиясы көп добуш алганы, Референдум өтүп Президенттик башкарууга өткөнү - жоопкерчиликтин баары бир адамга топтолду деген сөз. Мындан ары мамлекеттин тагдырына 1 адам жоопкер. 


Ушундай оор кырдаалда, пандемиянын соккусунан жөрмөлөп калган чакта, эл ачка, эртенки күн бүдөмүк, өнүгүүнү кой, кара курсакты кантип тойгузабыз деп карайлап турган маалда бүт жоопкерчиликти алган кишиге жана командага шляпаңарды алып койгула. 


Октябрдагы шайлоо деле ушундай эле болгон. Болгону батышчыл күчтөр кырдаалдан пайдаланып тополоң чыгарууга камынышкан. Алар тополоң салып, максатына жетти, бирок маарага жетпей көчөдө калышкан. Азыр наалып, кайра эле коомдук пикирди күчөткөндөр - октябрдагы максатына жетпей калгандар. 


Өнүгүү - тынчтыкты сүйөт, бизге стабилдүүлүк керек. Жардам бербегендер, жок дегенде тоскоол болбой турган оң. Негизи баардык бийлик эле жакшы иштеп, элдин турмушун оңдогусу келет. Оомат баарына эле бирдей болбойт экен бирок. Оомат элдин дагы пейлинде, ниет жана тилегинде. 

Орозо дагы келип калды, ыйманыбызды бекемдеп, азыркыны эмес, түбөлүктүү акыретти, акыйкатты ойлонуп, кам көрөлү. Жакшылыктар болсун!


Дайырбек Орунбеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн