Жетинин айы 15, 2024
Убакыт: 09:36
USD
86.35
86.85
EUR
90.60
91.60
RUB
0.860
0.895

Октябрда митингге чыккандар президенттен "Баатыр" наамын берүүнү сунуштады

16.02.2021 10:48
821
Октябрда митингге чыккандар президенттен "Баатыр" наамын берүүнү сунуштады

2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардын катышуучулары "Кыргыз Үмүтү" коомдук бирикмесин түзүшүп, алар Садыр Жапаровдон  Октябрь революциясынын Баатыры наамын берүүнү сунуштады. Активисттер ошондой эле революциялык комитет түзүүнү жана люстрациялоону талап кылышууда.


Алардын ою боюнча, президент Кыргызстандагы бийликтин алмашуусуна алып келген Октябрь окуясына революция статусун бериши керек.


 "Кыргыз Үмүтү"  ошол окуяларда каза болгон, жаракат алган адамдардын майып болуп калышына себепчи болгондорду жазага тартууну каалашат.


Ошондой эле алар социалдык коргоо, психологиялык реабилитациялоо жана андан ары эмгекке жана коомдук жашоого адаптациялоо программасын иштеп чыгып, ишке ашыруу керектигин айтышып, курман болгондорго жана маркумдун жакындарына келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу керектигин билдирди.


 “Кыргыз Үмүтү” президентке мамлекеттик органдарда люстрация жүргүзүү убадасын аткарышы керектигин эскертти. Алар "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Биримдик" партияларынын ишмердүүлүгүнө көз карандысыз жана объективдүү юридикалык баа берүүнү, ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө жана шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бергендердин баардыгын жоопко тартууну талап кылышууда. Алар БШКнын кызматкерлери 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо учурунда шалаакылыгы жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн дагы жоопко тартууну сунуштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн