Жер каймактагандан бери карай адам баласынын башына кандай гана оор мүшкүлдөр келбеген. Жер бети алоолонуп өрттөнгөн, адам каны суудай аккан согуштар болгон. Адамдар боо-боо болуп кулаган түрдүү эпидемиялар орун алган. Жаратылыш кырсыктарынан улам кырылган учурлар да катталган. Ачарчылык каптаган убакыттар өткөн.
Бирок, тирүүлүктүн вазийпасы ушундай экен, ар кандай оор апааттардын артында сөзсүз күндүн жаркырап чыгышы болот тура. Кыйынчылыктар, согуштар, татаалдыктар, оорчулуктар болбосо, тынчтыктын, жай турмуштун, бардарчылыктын, бакубат жашоонун баркы билинбей калат экен. Ошон үчүн ата-бабаларыбыз «Оомал-төкмөл дүнүйө» деп айтып келсе керек.
Өткөн 2020-жылдын башынан тарта дүйнө эли коронавирус илдети менен кармашууда. Адегенде бул илдет Кытайдын Ухань шаарынан чыкканын укканыбызда, ал бизге келбей тургандай, бизге тиешеси жоктой кабылдадык эле. Тилекке каршы, 2020-жылдын март айында Кыргызстанда да бул илдетти жуктуруп алгандардын алгачкылары катталып, андан кийин июль айында өзгөчө күчөп, күнүнө 40-50 адамдын өмүрүн алып жатты. Бүгүн дагы бул илдет өлкөбүздөн биротоло кетелек. Деги эле дүйнө өлкөлөрүнөн жок бололек. Тескерисинче, анын улам жаңы түрлөрү чыгып, адамзатын кыйноого салып турган учур.
Бул илдет менен күрөшүүдө экономикасы күчтүү, алдыңкы өлкөлөр үчүн алдаканча жеңил болгондой болду. Себеби, алардын медицинасы, каржылык жактан жетиштүүлүгү буга туруштук бере алды. Ал эми экономикасы алсыз өлкөлөр үчүн бир топ оор болуп жатканын жашырууга болбойт. Ырас, коронавирус илдетинен каза болгондор бардык өлкөлөрдө болуп жатат. Бирок, калкынын санына салыштырмалуу алып караганда биздин Кыргызстандагы каза болгондордун көрсөткүчү ат чабым алдыда болуп жатканы кейиштүү.
Азыркы тапта бул илдеттин үчүнчү толкуну башталганы айтыла баштады. Кыргызстанда акыркы убактарда илдетти жуктургандардын саны 500дөн кем болбой, айрым учурларда 800дөн ашып кетүүдө. Каза болгондор да күнүнө 5-8 адамды түзүүдө.
Окумуштуулардын тобу ушул жылдын 1-июнунан тарта 31-августка чейин коронавирустан каза болгондордун саны дүйнө өлкөлөрүндө кандай көрсөткүчтө болушу мүмкүн экенин изилдеп, божомолдошкон. Алар өз божомолун 100 миң адамга канча өлүм болушу мүмкүн экендиги менен изилдешкен. Тилекке каршы, бул божомолдоодо Кыргызстандагы абал өзгөчө кооптуу болуп саналган. Башкача айтканда, 100 миң адамга 256дан 512ге чейинки санда адам өлүмдөрү болушу мүмкүн деген тыянак чыккан. Бул изилдөөнүн жыйынтыгы кадыр-барктуу The Lancet журналына июнь айында жарыяланды.
Албетте, бул жөн гана божомол. Бирок, ушул эле окумуштуулар тобу өткөн жылдагы «кара июльдун» болуп кетиши мүмкүн экендигин да алдын-ала эскертишкенин эске алуу керек. Алар жөн гана ойдон чыгарылган божомолду эмес, илимий негиздерге таянган божомолду айтып жатышат. Демек, жөн гана кооптонуп коюу эмес, андай каргашанын алдын-алуу чараларын күчөтүүнү колго алуу зарылдыгы турат.
Балким, бул жаатта министрлер кабинети да өз пландарын түзүп жатса керек. Ошентсе дагы алардын пландары элге түшүнүктүү болушу шарт. Кудай дагы сактанганды сактайм дейт, демек сактануунун чараларын алдын ала көрүү зарыл.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн