Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 16-январга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов билдирди.
Ортодогу үч күнгө онлайн окуу киргизүү натыйжа бербей турганын белгилеген министр кышкы каникулга кошулган бул күндөр балдарга кийин окутуларын айтты.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү министрлигине аба ырайынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу каникулду узартууну сунуштаган.
Пикирлер (1)