Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Олжобай Шакирдин жубайы коронавирус оорусун кантип жеңгенин айтып берди (видео)

15.06.2020 13:11
1446
Олжобай Шакирдин жубайы коронавирус оорусун кантип жеңгенин айтып берди (видео)


Жазуучу Олжобай Шакир коронавирус инфекциясына кабылган жубайы Назгүл айым айыгып чыккандыгын видео аркылуу жарыялап, жарандарды ооруга олуттуу мамиле кылууну өтүндү. 


Анын айтымында, азыркыга чейин коронавирус инфекциясына кайдыгер караган жана ага ишенбеген адамдар бар. 


"Бул оору менен күрөшүүнүн ыкмасы - убагыда дарыгерге кайрылуу. Эгер коомго, жакындарыңа зыян тийгизбейм десең, ооруну жашырбай, убагында дарылануу керек экен. Жубайым эки жума дарыланып, эми кайра үй-бүлөбүзгө келди. Ошон үчүн муну ачык айтып коюну чечтик. Ак халатчандарга ашыкча түйшүк үйбөй, колуна медал тагып, сыйлык бере албасак дагы эрежелерди сактайлы", - деди ал. 


Ал эми жубайы Назгүл айым коронавирус оорусун кантип жеңгенин айтып берди. 


"Оору жаман экен. Алгач дене табым көтөрүлүп, 3-4 күн парацетамол ичип коюп жаттым. Анын күчү менен жүрдүм. Андан кийин денем талып, табитим жок болуп, мурдум жыт сезбей калды. Тамактын даамын билбей калдым. Бир жума дары ичип жттым. Андан кийин жөтөл башталды, ошондо гана мобилдүү топту чакырдым. Ооруканада 14 күн жаттым, андан кийин анализдерим терс болуп чыкты. Ошон үчүн биринчи белгилерин байкаганда эле дароо мобилдүү топту чакыргыла деп айтат элем. Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам", - деди ал. 


Ошондой эле Назгүл айым дарыгерлер кандай шартта иштеп, алар башынан кандай кыйынчылык өткөрүп жатканын өз көзү менен көргөнүн дагы айтып берди. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн