Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ондогон күйүүчү май ташыган унаалар турат. Баткенде аткезчилик токтогон жокпу? (Видео)

09.04.2021 15:25
1229
Ондогон күйүүчү май ташыган унаалар турат. Баткенде аткезчилик токтогон жокпу? (Видео)

Баткен облусунун Лейлек районунда күйүүчү майды аткезчилик менен ташуу дагы деле уланып жатат. Бул тууралуу Актилек Гүлжигит кызы Фейсбук баракчасына видео жайгаштырды. 


Тасмадан байкалгандай, ондогон оор жүк ташуучу унаалар катар турат.

""Баткенде контрабанда токтоду" десе, ишенип албагыла. Мурдагыга караганда кыйла аз албетте, чоңдордуку эле калган окшойт...

Бул Лейлек районунун Арка айылындагы Тажикстанга кире турган көчө. 

Зымырап эле кирип-чыгып жатышат. Бул жерде чек ара өткөрүү бекети да жок. Видеодо бир сааттын ичинде жүгүн тапшырып чыккан унаалар. Көпчүлүгү түнү жүрүшөт", -деп билдирүү калтырган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн