Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Оңой байып кетүүнү убадалап 69 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

02.09.2021 12:19
622
Оңой байып кетүүнү убадалап 69 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

   

 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы ири суммадагы акчаларды алып, кайтарбай жашынып жүргөн Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган тургуну М-ва А. аттуу аялды кармашты. Бул тууралуу   Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.


Ал өзүн Ош шаарындагы «Алтын-Темир» жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси катары(текшерүүдө мындай коом таптакыр жок болуп чыккан) тааныштырып, жарандардан ири суммадагы акча каражаттарын (доллар менен) алып, ири суммадагы кошумча акча ай сайын негизги суммадан сырткары дагы менен кайтарып берүүнү убадалап, кайтарбай, из жашырып жүргөн. Бүгүнкү күндө Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүндө бул аялдын үстүнөн 2 арыз келип түштү. Арыздануучулардын биринен 30 миӊ, экинчисинен 39 миӊ доллар алып из жашырган. Андан сырткары жакындарынан дагы ушундай алдоо жолу менен көп суммада акча алгандыгы аныкталып жатат. Ал жакындары арыз жазуудан баш тартышты.


      Жазылган арыздар боюнча Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 304-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга 28-августта киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан 28-сентябрга чейин абакта кармоо боюнча санкция берилди.



   Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү М-ва А. алынган акчаларды «Кыргыз-Каганат» аттуу ишканага жана конкреттүү бир адамдын атына которгондугун билдирген. Текшерүү учурунда аталган ишкана жана аты аталган адам таптакыр болбогондугу аныкталды. Мындай көрсөтмө берүү менен шектүү М.-ва А. тергөө кызматына жалган көрсөтмө берген. Бүгүнкү күндө жалган билдирүү жасагандыгы үчүн (КР ЖК 344-беренесинин белгилери менен) дагы кошумча иликтөө жүргүзүлөт.


     Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кимде ким бул аялдан жабыркаган болсо төмөндөгү 0552-15-25-42, 03222-6-64-04 номерлери аркылуу кайрылып коюуну суранабыз.

        

                         

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн