Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:53
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Ооганстандан жалпы 24 кыргыз жараны эвакуацияланды

20.08.2021 08:28
562
Ооганстандан жалпы 24 кыргыз жараны эвакуацияланды

Афганистандын Кыргызстандын 24 жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирет.


"Афганистан Ислам Республикасындагы аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын президенти С. Жапаров тарабынан Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоону ишке ашыруу тапшырылган", - деп айтылат билдирүүдө.


Тапшырмага ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги менен биргеликте учурда Афганистанда убактылуу турган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоону уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Ошентип, 2021-жылдын 19-августуна карата Афганистандан Кыргыз Республикасынын 24 жараны эвакуацияланган.


Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, 2021-жылдын 18-августунда казакстан тарабынын атайын бортунда Кыргыз Республикасынын 15 жаранын Казакстан Республикасынын Алматы шаарына чейин эвакуациялоо жөнүндө макулдашууга жетишилген.


Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу КРнынн эвакуацияланган жарандарын Бишкекке чейин коштоп келишти.


"Мындан ары мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Афганистандагы элчилигинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын 9 жараны америка тарабынан уюштурулган атайын рейс менен Кабул шаарынан Катар мамлекетине эвакуацияланган. Учурда аларды Кыргыз Республикасына кайтаруу каттамдарын иштеп чыгуу маселеси каралууда. Афганистандын аймагында калган Кыргыз Республикасынын жарандары коопсуз жерде жайгашкан, министрликтин жана элчиликтин кызматкерлери алар менен туруктуу телефон аркылуу байланышууда жана аларды эвакуациялоонун ар кандай жолдору каралууда", - деп кошумчалашты ТИМдин басма сөз кызматынан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн