Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:45
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Оор кылмыш үчүн өлүм жазасын киргизүү керекпи?

08.04.2021 17:38
1423
Оор кылмыш үчүн өлүм жазасын киргизүү керекпи?


Кечээтен бери кыргыз коомчулугунун Интернеттеги сегменти Айзада аттуу кыздын өлтүрүлүшү боюнча катуу кейишке түшүп, бул кылмыштын ар кандай өңүттөрү талкууланып жатат. Коомчулук күйгүлтүк түшкөнү биз азырынча адам экенибизден, элибиз Элдик касиети бар экенинен кабар берип турат. Талкууда кеп болгондордун арасында мыйзам, салт, дин, демократия жана башкалары бар. Андыктан ар бирин өз-өзүнчө талдап көрөлү. 


Киши өлтүрүү кылмышпы? 

Менимче киши өлтүрүү кылмыш экенине баарыбыз эле макул болсок керек. Күнөөсүз эле кишини өлтүрүп салуу кылмыш эмес деген абалга жете элекпиз. Аныбыз жакшы. Күнөөсү жок кимди болбосун өлтүрүү өтө оор кылмыш. Бирок эркектер аздыр-көптүр өзүн өзү коргой алгыдай мүмкүнчүлүк менен жаралган. Колдон келсе кара башын эле эмес, жакындарын, ошол эле алсыздарды, зарыл болсо эл-жерин коргой тургандай физиология, күч-кубат, мүмкүнчүлүк берилген. Андыктан кимди болбосун өлтүрүү оор кылмыш болсо, өзүн өзү коргой албагыдай адамды өлтүрүү - эки эсе оор кылмыш. Аялдар, кичинекей балдар жана карылар, майыптар табиятынан андай мүмкүнчүлүгү азыраак. Ар кандайлары бар, бирок жаратылышынан типтүү белгилери ошондой. Андыктан ушул категорияларга каршы жасалган мындай кылмыштарга коом да алда канча катуу каршы турушу керек. Менимче мыйзамдарда да ушул жагдайлар чечүүчү ролду ойногону туура. 


Ала качуу - кылмышпы? 

Окуянын негизги версиясы катары ала качуу талкууланууда. Ошондуктан аны салт катары кабыл алгандар да чыгышы мүмкүн. Бирок чынында салт боюнча да, мыйзам боюнча да, адамгерчиликтин талабы боюнча да ала качуу - кылмыш. Аны салт дегендер терең жаңылышат. Бул өнөкөт совет мезгилинде күчүнө кирген. Ал эми салт боюнча кызды ала качкан тарап тескерисинче айыпка жыгылган. Эгер ала качуу салт болсо Манас атабыз Каныкей энебизди, Семетей Айчүрөктү, Эр Төштүк Кенжекени достору менен жула качып, ата-энеси ачуу басарына барып отурганын таап бергиле. Фольклорду түтүнүн түрө кыдырып таппайсыңар. Жазуу жүзүндөгү эстеликтер өтө жетишсиз болгондуктан, фольклор - биз үчүн этнографиялык өтө баалуу булак. Айтмакчы, фольклордон ЛГБТлар, сойкулук, баңгилик тууралуу да маалыматтарды таппайсыңар. Демек, бул көрүнүш кыргыздардын кылымдарды карыткан тарыхынын негизги бөлүгүндө болгон эмес. 


Салттарды салт сымактардан, өнөкөттөрдөн жана башкалардан айырмалаш керек. Ичкилик күчөп турган кезде "суусун жуткурмай", "уйкулук", "базарлык", "жуумай", "майламай" дегендер күчөп кеткен. "Аш көп болсо каада көп" деп кыргыз ошон үчүн айтат. Анын баарын салт деп айта албайбыз. 


Жөн эле калыстыктын позициясынан айтканда да, ала качуу - кылмыш. Кыз өзү качып келген учурлар ага кирбейт. Кеп күчкө салып ала качуу жөнүндө болуп атат. Совет мезгилинде жана андан кийинки жылдары кеңири кулач жайганы, көптөгөн үй-бүлөлөр курулганы, көбүбүздүн башыбыздан өткөн нерселер бул өнөкөттү актабайт. Анткени эмне болгон күндө да кыздын кыялы талкаланат, эркек-аялдын ортосундагы гармония бузулат. Мен кийинки жылдары адам баласынын энергиясынын эзотерикалык жана парапсихологиялык жактарына чейин кызыгып көрдүм. Анын баарынын канчасы чын, канчасы төгүн экенин айтыш кыйын. Бирок биздин көп балдар кул мүнөз, жалтак, үйдө баатыр, жоодо жок болуп жатканынын бир себеби ушунда болушу да мүмкүн деп ойлойм.  Биринчиден, кордукка кабылган кыз ичинен болсо да ошо кордогондорду тууган-туушканына, ата-жотосуна кошуп туруп каргайт. Ал эми Жараткан аял киши алсыз болгондуктан ага ошонун күчүн көбүрөөк берген дешет. Экинчиден, кордуктан туулган балдар түйүлдүк кезинде эле зак кеткен программа менен төрөлүшү мүмкүн. Албетте, адам баласынын психологиясынын бардык өңүттөрүн эсепке алыш мүмкүн эмес. Бирок ушундай чындык да бар. Демек, бул түпкүлүгүндө элдин Өзөгүнө зыян. Бул маанисинен алганда бул Элге каршы кылмыш. 


Диндин эки анжы позициясы 

Адамзатка кеңири тараган эч кайсы динде кызды эркине каршы никеге мажбурлоо колдоого алынбайт. Анын ичинде аврамисттик диндерде, анын ичинде исламда да ала качууну колдой турган ченемдер жок. Бирок совет мезгилинде, андан кийин дагы дин кызматкерлери ала качуунун диний легалдашуусуна салым кошуп келишкен. Муну жакында эле мыйзамдын күчү менен тыюу аракети болду. Бирок башка иштерде диний кызыкчылыкты катуу коргогон муфтият эмнегедир ала качууга каршы позициясын ошондой туруктуу билдире элек. Ал тургай талкууларда байкасак "Эмне үчүн жоолук салынууга тыюу салынган кыздарды да ошондой коргобойсуңар?" деп сөздү башка жакка бургандар чыгып атат. Эми салыштырып көрөлү. Эч кимге зыяны жок эле кетип бараткан кызды бөктөрө качып бүтүндөй тагдырын талкалаган, көнбөсө өлтүрүп салган чоң күнөөбү же "жоолукчан сабакка келбе" деген мектептин талабыбы? Менимче бул салыштырып да болбой турган нерселер. 


Пайдасынан зыяны көп агымдар

Феминисттердин жана башкалардын бул боюнча кыргыздын улуттук баалуулуктарына, коомдогу жүрүш-туруштун элементардык маданиятына атайылап каршы келген нааразылык акциялары бул маселенин чечилишине салым кошобу? Менимче акыркы жылдары байкалгандай формасында кошпойт. Тескерисинче, ансыз да жиктешип турган кыргыз коомун ого бетер бөлүп-жарып, Овертон терезесинин кеңейишине кызмат кылган тышкы күчтөрдүн гана чырагына май тамызат. Айзаданы өлтүргөндөргө ошолор гана каршы чыгып, калган бардык эл тескерисинче жан тарткандай таасир калтыра турган, алысты көздөгөн программаларга салым кошот. Айзаданын кунун куугандар коомдун аң-сезиминде жалаң ошондой "чечинналелер" менен жанаша кабыл алынып, маселенин чечилишине тескерисинче зыян келтирет. Андыктан акыл-эстүү жарандар бул боюнча талаптарды өз колуна алышы керек. Демилгени да андайлардын колуна берип койбой, кызыл-тазыл кылбай катуураак талаптарды коюп, жалпы коомчулук өзү көтөргөнү оң. 


Эмне кылыш керек? 

Кандай гана кылмыш болбосун ал СӨЗСҮЗ жазага тартылышы зарыл. Бирок жогоруда айтылгандай, өзүн коргоого мүмкүнчүлүгү аздарга каршы кылмыш эки эсе жазаланышы керек. Азыркы Башмыйзамда да, анын референдумга коюлган кийинки долбоорунда да өлүм жазасына тыюу салынган. Бирок дал ушундай учурларда өлүм жазасы керек эле. "Ал эч нерсе чечпейт" деген обу жок либералдар чыгат. Кечирип койгула, чечкен үчүн адам баласынын тарыхында ушунча кылымдан бери жашап келатат. Чечкен үчүн демократиялуу деген АКШда анын ар кандай түрлөрү иштейт (айтмакчы анын айрым штаттарында өзүн жана мүлкүн коргош үчүн куралга ээлик кылуу укук гана эмес, милдет да болуп эсептелет). Балким чечкен үчүн миллиарддаган Кытай жыл сайын бир түмөн кылмышкерди атууга кетирип, система катары кармалып турат. 


Салыштырыш үчүн мындай мисал келтирели. Кыргыз коому алты миллион адамдан эмес, он эле кишиден турат дейли. Онунчусу педофил же зордукчу болуп чыкты. Аны камап коюп бир нече жылдан кийин кайра чыгарса ал адатын таштайт деген кепилдик жок. Анысы аз келгенсип берки тогузу аны багат. Ал эми таптакыр жазаланбай калса андай кылмышкер бирөө эмес, экөө болот. Анан үчөө болот. Анан көбөйүп да кетет, баарын токтото албайсың. 


Ал эми тогузу кеңешип туруп атып салса ошол тогузу бир зордукчудан же педофилден кутулат. Реалдуу кутулат. Бул бир. Экинчиден андан ошондой тукум калбайт. Үчүнчүдөн башкаларын да андай айбандык жоруктардан кармап турат, жок эле дегенде бул коомго жат нерсе экенин тогузу тең билет. 


Ошондуктан киши өлтүрүү, күчкө салып ала качуу, зордуктоо, бачабаздык үчүн өлүм жазасын киргизүү зарыл. Анткени бул киши өлтүрүү сыяктуу эле адамдын тагдырына балта чапкан кылмыш. Мамлекетке чыккынчылык, башка өлкөнүн пайдасына жасалган тыңчылык, коррупция, бандитизм, терроризм, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген келишимдер үчүн да өлүм жазасын киргизүүгө мезгил жетти. 


Өлүм жазасынын дагы бир мааниси - түрмө оңдобой турган адамдар көп. Айрыкча биздин шартта түрмөгө түшкөнүн эрдик көргөндөр бар. Башканыкын да эрдик көргөндөр абдан эле көп экенин акыркы шайлоо да көрсөттү. Түрмөнү жаза катары көрбөй тургандар көп. Ошого сыймыктангандар көп. Жок, эгерде биз коомчулуктун эле коопсуздугун камсыз кылып камап тынбай, жабыркагандардын укуктарын да чындап коргогубуз келсе, анда кылмышкерлер ошол жабыркагандар тарткандай азапты реалдуу тартышын да камсыз кылышыбыз керек. Кандай жол менен болсо да Кудайга үнү жеткидей, ошол азапты өз башынан өткөргүдөй, ошол кордукту өзү көргүдөй кылышыбыз керек. Ошондо гана калыстыкка жакындаган болобуз. Ансыз жазанын мааниси жок. Балыктын кылмышы үчүн сууга ыргыткандай эле кеп. Түрмөдө деле зордукчулдар илгеркидей жазаланбай калганын милийсада иштегендер көп эле айтышты. Анда алардын чалкалап камалып жатканы кимдин көксөөсүн суутат? 


Экинчи талап кыла турган нерсе - жабыркаган тарап тосмо арыз жазса кылмыш иши токтотулат деген тартипти жоготуш керек. Азыркы биздин шартта тосмо арыз жазуу ошол жабыркаган тарапты ого бетер кордоонун эле бир түрү болуп калды. Тескерисинче, тосмо арыз жаза турган болсо жасалган кылмыш жазалана турган мөөнөткө өзү кесилгидей ченемдерди киргизүү зарыл. 


Үчүнчү талап кыла турган нерсе - кылмыш боюнча тиешелүү чара көрбөй койгон кызматкерлер, туура эмес чечим чыгарган соттор өздөрү ошол кылмыш үчүн жазалана турган мөөнөткө кошо кесилиши талап кылынат. Бул алардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. 


Адатта организмдин оорусу күчөп көп жери ириңдеп кетсе аны дары-дармек менен басуу мүмкүн эмес. Хирургиялык жол менен алып салуу керек болот. Бул эле эмес, башка да кылмыштын түрлөрү боюнча кыргыз мамлекети дал ошондой хирургиялык ыкмаларга муктаж болуп турат. 


Жоо аяган жаралуу. 


Жыргалбек Касаболот

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Кылмыштын кээ бир туру учун олум жазасы туура. Бирок, автор, юриспруденция тууралуу бир аз маалымат алып алышын керек экен. Эн элементарный эле бизде мыйзамдар иштебейт. От слово- совсем! Мыйзам эмне экенин тушунбогон мыйзам сакчылары бар. Ошондой кырдаалда олум жазасына окшогон беренелер, туура, так колдонулат деп эч ким кепилдик бере албайт. Мыйзамдын иштешин калыпка салып, мыйзам менен жашоого конмоюнчо, жогоркудай пафостуу создор менен митинг эч нерсени чечпейт.