Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Оор кырдаалда жардам алган адамдардын сүрөтүн жарыялабасак, - Сурабалдиева

18.04.2020 09:56
1111
Оор кырдаалда жардам алган адамдардын сүрөтүн жарыялабасак, - Сурабалдиева


Депутат Эльвира Сурабалдиева Чүй областынын Сокулук районундагы дотациялык айыл өкмөттөрдө жашаган жарандарга 14 тонна ун таратып берди.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, карантин башталгандан бери аталган райондун дарыгерлерине беткап бөлүнүп, нөөмөттүк унаа дайындалган.


«Оор кырдаалда жардам алган адамдардын сүрөтүн жарыялабасак. Бул менин сунушум», - дейт депутат.


«Бүгүн бар, эртең жок, оомалуу - төкмөлүү заман дегенди билип, эртеңки күнү сенин сүрөтүңдү жарыяласа сүйүнөөр белең? Баарына чыдап жүргөн, намыскөй калкыбызды 30 жылда ушундай абалга жеткирген мамлекетте күнөө, ошондуктан бийликте отургандарга, бизге, мактана турган иш эмес. Бул илдеттен аман-эсен чыксак экен», - деп сөзүн улады ал.


Депутат бул жолку жолугушууда Күн-Туу айыл өкмөтүндөгү жаштардын курч суроолоруна жооп берди. Орок айылында да эл чогулуп, коронавирус, пенсия, кредиттер, билим берүүдөгү жалпы кырдаал боюнча маселе көтөрүштү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн