Ооруканаларга келген гуманитардык жардамдарды албагыла деп эч ким тыюу салган эмес. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, берилген гуманитардык жардамдын баары кабыл алынууда.
“Социалдык тармактарда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери эл аралык уюмдардан, ыктыярчылардан жана жеке адамдардан келген гуманитардык жардамдарды алууга тыюу салыптыр деген маалымат тарап жатат. Бул чындыкка дал кебейт. Бир дагы аймакка андай каттар жөнөтүлгөн жок. Биз эпидемия башталгандан бери жардам берип келе жаткан баардык адамдарга ыраазычылык билдиребиз”, - деди Акматова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн