Ысык-Көл облусунда бүгүнкү күндө абал курчуп бара жатат. Оорулуулардын саны күн сайын көбөйүүдө. Ооруканалар медициналык жабдыктарга муктаж. Бул тууралуу Croc Edil социалдык тармактагбаракчасына жазды.
"Жеке өзүм Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы дарыгери, ыктыярчылар жана Балыкчы шаарындагы, айылдардагы дарыгерлер менен сүйлөштүм. Оорулуулардын саны күн сайын өсүп жатат. Бейтапканалар эч кандай жабдылган эмес. Учурда ооруканаларга дары-дармектер, кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметр, дарыгерлердин коргонуучу кийимдери жетишсиз.
Биз каражат чогултуп, Түркиядан дары-дармектерди буйрутма бердик. Ошондой эле, ыктыярчылардын жардамы менен бир кычкылтек концентратору орнотулду. Бирок, бул жетишсиз. Облустун ооруканалары жардамга муктаж", - деп жазган ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Эльсом (Эдиль Ажибаев):
0772431277
Optima (Айдай Кубанова):
4169585342395737
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн