Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:15
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ооруп жаткан балдарды мектепке жибербей туруу сунушталды

13.01.2022 12:59
854
Ооруп жаткан балдарды мектепке жибербей туруу сунушталды

Ооруп жаткан балдарды мектепке жөнөтпөө сунушталды. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.


Борбор калаанын мэриясы ата-энелерди балдарында курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалса же алар байланышта болгондордон болсо, аларды мектепке жана бала бакчага жибербөөгө чакырат.


Эгерде сиздин балаңыз ооруп калса, тезинен дарыгер чакырыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрү карантинди сактаган учурда окуучу же бала бакчага барган бала коронавирусту алып жүрүүчү болушу жана өзү да билбестен айланасындагыларга жугузуусу мүмкүндүгүн эсиңизден чыгарбаңыз.


"Урматтуу шаар тургундары! Карантин режимин сактоону суранабыз, эгерде ооруп жаткан болсоңуз жумушка чыкпай, беткап тагынып, колду тез-тез жууп же антисептик колдонуңуз жана эмдөөдөн өтүңүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга этият болуңуз",- деди Акматова.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн