Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Кара-Балта шаарынын аймагында опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, 1-июнда 130 миң сом акча каражатын алып жаткен жеринен УКТнын мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. аттуу КР жарандары колго түшкөн.

Алар узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен "Р.С." аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылып жүрүшкөн.

"УКТ мүчөлөрү 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн