Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

«Ордо» партиясында лидер алмашты. Партия элге кайрылуу жасады

15.02.2021 14:21
688
«Ордо» партиясында лидер алмашты. Партия элге кайрылуу жасады


Ушул жылдын 10-февралында «Ордо» саясий партиясынын кезектеги съезди өттү. Бул иш-чарада аталган партиянын лидери алмашып, жаңы “жол башчы” болуп Мирлан Керимов тандалган. Кыргызстандагы белгилүү партиялардын катарын толуктаган бул саясий уюм жалпы элге кайрылуу жолдоду. Төмөндө биз аны өзгөртүүсүз сунуш кылабыз: 

 

                          Кадырлуу кыргызстандыктар!


Ошентип Жер шары 21-кылымдын 21-жылында жашап жатат. Жылдар жылып, кылымдар тогошкон сайын адамзаттын жашоосунда жаңы өзгөрүүлөр, жаңы саамалыктар болуп турат. Ошол өзгөрүүлөрдү туура нукта, туура багытта пайдалана алган мамлекеттер гана учурда дүйнөнүн өнүккөн, алдыңкы өлкөлөрүнүн катарында кире алды. Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары да бул өлкөлөрдө алдаканча алдыда экени белгилүү. Муну биз - өз келечегинин камкордугун ойлоп, билим алуу үчүн чет мамлекеттерде  иштеп, окуп жаткан жаштардан, оор илдеттерге чалдыгып, жан айласы кылып, акыркы үмүттөрүн артынып, өнүккөн өлкөлөрдүн ооруканаларынан шыпаа издеген айрым мекендештерибизден билип жатабыз.


Ал эми өндүрүш, өнөр-жай, экономика маселеси мамлекетибизде кандай абалда экени айтпасак да түшүнүктүү. Жумуш издеп, чет мамлекеттерге агылган мигранттардын так саны белгисиз. Бир гана Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин расмий эмес саны (пандемияга чейин) миллиондун тегерегинде болчу. Андан тышкары Германия, Корея, Америка Кошмо штаттары өңдүү өлкөлөрдө узак жылдардан бери эмгектенип, Кыргызстанда калып калган жакындарын багып жүргөндөр бар. Коңшулаш Казакстанда да талаа иштерин жасап жүргөн мекендештерибиз жок эмес.


Ошол себептен Кыргызстанда жумушсуздук маселеси өтө актуалдуу. Тилекке каршы, 30 жылдан бери карай аз-аздан болсо да жумушсуздук маселесин чечип, жаңы завод-фабрикаларды куруу, өлкөнүн өзүнүн өндүрүшүн жандантуу аракеттери жасалбады. Өзүнүн өндүрүшү жолго салынбаган өлкөнүн экономикасы эч качан көтөрүлбөйт. Ишкерлик жасоонун ыгын билген, жаңы жумушчу орундарын түзө ала турган азаматтарыбыз арбын. Болгону алардын баары чет мамлекеттерде жүрөт. Себеби, Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүүдө өтө көп тоскоолдуктарга кабылуулар болуп келген. Ишкерлерге жетиштүү шарт түзө албаган мамлекет эч качан экономикасын көтөрө албайт. Андай мамлекетке инвестиция да келбейт. Натыйжада жумушсуздук, агылган миграция күч ала берет. 


«Ордо» саясий партиясы түзүлгөнүнө алдыдагы апрель айында 2 жыл толот. Бул партияны биз мурда-кийин мамлекеттик жогорку кызматтарда иштебеген, коррупцияга аралашпаган, өзүнүн талыкпаган эмгеги, маңдай тери менен эмгектенип келаткан жаштардан, жаңы муундун өкүлдөрүнөн түптөгөнбүз. Буга чейин саясатта жүргөн, мамлекеттик жогорку даражалуу кызматтарды аркалаган мурдагы  кадрларга карата элдин ишеними такыр эле  жоголду. Алар узак жылдардан бери бийлик талашуу, кызмат бөлүштүрүү менен гана алектенип жүрүшүп, сүйүктүү Кыргызстаныбызды бүгүнкү абалга кептеди. Бир нече ирет элдин арткан ишенимин, үзүлбөгөн үмүтүн алдашты. Элдин акыркы үмүтү - билимдүү, реформатор жаштарда, жаңы муунда гана калды.


2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого «Ордо» саясий партиясы биринчи ирет ат салышкан. Тилекке каршы, ал шайлоонун кандай өткөнү, шайлоодон кийинки саясий кырдаалдын кандай өңүттө өнүккөнү жалпы мекендештерибизге маалым.


Жакында эле жалпы кыргызстандыктар жаңы президентти шайлап алышты. Эми алдыда жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү турат.


                                   Урматтуу достор!


Алдыда болуучу маанилүү саясий окуялардын алдында кандай көрүнүштөр болуп жатканын байкап турсаңыздар керек. Өткөн парламенттик шайлоодо баарыбызга өзгөчө белгилүү үч партиянын атынан шайлоого катышкан талапкерлер эми Бишкек шаардык кеңешине, андан кийин Жогорку Кеңештин шайлоосуна буга чейин шайлоолорго катышпаган жаңы партиялардын катарында барганы жатышат. Мурдагы шайлоодо алып чыккан лозунгдарын да алмаштырып чыкканы турат. Аларда дагы деле парламентке келүү жана баары мурдагыдай эле болот деген үмүт өчпөй турат окшойт. Өкүнүчтүүсү, алар дагы деле мурдагы шайлоолордогудай добуштарды акчага сатып алууга болот деген ишенимде. Эгерде бул жолу да шайлоо эски ыкмалар менен өтсө, анда келечегибизди оң жагынан элестетүү да кыйын болуп калат. Эски саясатчылардын баарында акыркы 30 жыл аралыгында эл үчүн кызмат кылууга эң сонун мүмкүнчүлүктөрү болгон. Эл алдында берген убадаларын аткарууга жетиштүү убакыттар берилген болчу.


Тилекке каршы, алар элдин ишенимине кирип, парламентке келип алганы  менен өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын канааттандыруунун артынан түшүп алышкан эле.


Биздин партия- алдыдагы бул шайлоолорго өлкөбүздүн келечеги үчүн катышат!


Биздин максат мансапта же мандатта эмес!


Биздин максат мамлекетте жаңы бурулуштарды жасоо. Билим берүү тармагын реформалоо жаатында конкреттүү программабыз бар. Мамлекетти оң жолго салуу үчүн эң ириде билим берүү системасын оңдоо зарыл. Ошол эле убакта саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча демилгелерди алып чыгабыз.


Дени сак улут – бул дени сак мамлекет. Өлкө экономикасын көтөрүү багытында да өзүбүздүн даярдалган долбоорлор, пландар турат.


Булардын баарын ишке ашыруу үчүн «Ордо» саясий партиясынын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерде, Жогорку Кеңеште депутат болуп отурганы маанилүү. Себеби, бардык мамлекеттик маанилүү иш-аракеттер ошол жогорку трибунада айтылат, талкууланат жана ишке ашат.


Биз менен кызматташууну, катарыбызга кошулууну каалаган бардык жигердүү жаштарга ар дайым эшигибиз ачык!


Өлкө кызыкчылыгына багытталган ар кандай сунуш-демилгелери, долбоорлору бар жаштар менен кызматташууну өзүбүз да каалайбыз. Баарыбыздын бир гана мамлекетибиз бар – ал Кыргызстан. Биздин бүгүнкү жасап жаткан жана жасай турган иш-аракеттерибиз эртеңки Кыргызстандын келечегин түзөт. Биздин партиялаштар бийлик бутактарына байып алуу максатында эмес, мамлекеттин бакубатчылыгы үчүн кызмат кылууга барат.


Акыйкатсыздыкты, адилетсиздикти, коррупцияны, паракорчулукту, жек-жааттыкты, жердешчиликти эми аркага калтырып, баарыбыз Кыргызстан деген мамлекетибиздин түндүгүн бийик жана бекемдеп көтөрүп, бир күч боло турган учур келди. «Ордо» саясий партиясынын түпкү максаты ушул. Биздин күч биргеликте жана демилгелүү жаштарда!


      Урматтуу мекендеш!


Биз акыркы үмүт менен өлкөнүн эртеңки келечеги үчүн болгон жоопкерчиликти мойнубузга алып, сиздин жүрөгүңүздү козгоп, сезимиңизди ойготкубуз келет. Уул-кыздарыбыздын келечегин ойлоого чакырабыз. Бир жолу адашып баскан жолду, кайра кайталап баса берүү жакшылыкка алып келбейт. Бир жолу алган сабакты кайра кайталап алуунун кажети жок! Андыктан бул жолу алдыда өтүүчү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын жана парламенттик шайлоолорго активдүү катышып, туура тандоо жасоонузду күтөбүз.


Урматтуу кыргызстандыктар, келиңиздер, биздин катарыбызга кошулуңуздар!


Сиздердер менен биргеликте араңыздардагы мыкты уул-кыздардын талапкерлигин жергиликтүү кеңештерге чогуу көрсөтөлү.


«Ордо» саясий партиясы менен биргеликте сүйүктүү мекенибизди бутуна тургузууга өзүбүздүн салымыбызды кошолу!


Андан соң Жогорку Кенешке депутаттарды шайлоосуна сиздер сунуштаган инсандарды алдыга алып чыгалы.


Биз «Ордо» партиясынын айланасына бир муштумдай биригип, өлкөбүздү өнүктүрөлү!


Ар бир мүнөттү текке кетирбейли! Үн кошуңуздар! Интернет желелери аркылуубу,  же телефон аркылуу болобу, байланышка чыгыңыздар!

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн