Кыргызстанга Россиядан 963 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-июлда 20 автобус менен биринчи партияда 963 жаран келди. Ал эми 12 автобус менен 533 адамдан турган колоннанын экинчи партиясы кыргыз-казак чек арасына Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосу менен келе жатат.
Белгилей кетсек, Оренбург жана Самара облустарынан 1 496 кыргызстандык 31 автобус менен мекенине жөнөтүлгөнү айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн