Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Орхан Инанды кыргызстандыктарга жаңы жылдык куттуктоо жолдоду

31.12.2021 12:48
1015
Орхан Инанды кыргызстандыктарга жаңы жылдык куттуктоо жолдоду

"Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады.


"Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарга чын жүрөктөн салам жолдойм. Жаңы жыл менен бирге элибизге бактылуулук, чың ден соолук жана ийгилик келишин Кудай Тааламан тилейм! Учурдан пайдаланып, 

"Сапат" билим берүү мекемелеринин мугалимдерин, окуучуларын, бүтүрүүчүлөрүн жана ата энелерин жеке өзүмдүн атымдан кызуу куттуктайм жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Кандай болгондо да, билимдүү муунду тарбиялаган асыл милдеттерибизди уланта беришиңиздерге тилектешмин. Жараткан дайыма туура жолдо жүргөндөрдүн жанында. Мындан улам маңдайыбызга жазылган машакаттар эски жыл менен кетет деп үмүт кылам. Эч кимге эч кандай өкүнүчүм да, таарынычым да жок. Бир гана өкүнүчүм, дагы, көптөгөн лицейлерди ачалбагандыгым",- деп айтылат Орхан Инандынын жаңы жылдык куттуктоосунда.


Эскерте кетсек, Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында белгисиз адамдар тарабынан Түркияга уурдалып кеткен.

Учурда ал Синжан абагында отурат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн