Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:09
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Орхан Инандынын жоголушунун 5 версиясы

03.06.2021 09:26
1518
Орхан Инандынын жоголушунун 5 версиясы



Ошентип, жакынкы күндөрү "Сапат" (мурдагы "Себат") мектептеринин башчысы, Кыргызстандын жараны Орхан Инанды жоголгонуна тынчсыздангандар көбөйдү. Биринчи иретте мектептердин бүтүрүүчүлөрү, педагогдор, өлкөдөгү айрым окумуштуулар катуу кабатырланып жатышат. Албетте, анын фигурасы кыйла таасирдүү болгонун эске алганда мындай резонанс түшүнүктүү. Бирок окуянын саясий жагын талдабастан, логикалык жактан ой жүгүрткөндө кандай версиялар бар? 


Биринчи версия - криминалдын ээн баштыгы 

Бул дээрлик расмий версия. Анткени Кыргызстандын тиешелүү органдары Орхан Инанды менен буга чейин жолугушканын, ага жан сакчы алууну сунуш кылышканын, анткени ага кол салуу болушу мүмкүн деген маалымат болгонун билдирген. Бирок анда эмне үчүн ал эмне болгон кылмыштуу топ экенин эч ким билген эмес жана чара көрүлгөн эмес деген суроо туулат. Анын үстүнө кылмыштуу топтордун бир эле максаты бар - акча. Буга чейин Орхан Инанды барымтада экенин, анын башы канча бир сумма турарын айтып эч кайсы кылмыштуу топ билдирүү жасаганы тууралуу маалымат жок. Бул версиянын талуу жери ушул. 


Экинчи версия - түрк атайын кызматтарынын операциясы 

Ырас, түрк чалгын кызматы Фетхулла Гүлендин жээни Селахиддин Гүленди чет өлкөдөн кармап келди. Бирок биринчиден түрк тарап аны жашырган да жок. Тескерисинче, мактаныч менен жарыялап жатат. Ал эми азыркы окуяда андай жарыя болгон жок. Экинчиден ушуга чейин Орхан Инанды эки өлкөнүн мамилесинде кыйла ыңгайсыз адам болсо да, таптакыр чечилбей турган маселеге айланган эмес. "Айдар жокто Максим бар" демекчи "Себаттын" ордуна "Маариф" сунушталып, кыргыз тарап ага каршы деле чыкканы байкалбайт. Үчүнчүдөн кыргыз тарап менен мамилесин мынчалык даражада бузууга расмий Анкара деле анчалык умтула турган себеби жок. Эгерде ошондой кылган болсо ал тууралуу маалымат ачык булактарга чыкпайт, анткени азыркы окуяларда андай нерсе менен мактануу анча акылдуу кадам эмес. Анын үстүнө түрк атайын кызматтары Борбор Азияда мындай операцияны тоскоолдуксуз өткөрүш үчүн жетиштүү ресурстарга ээ болгонуна ишениш кыйын. Кеп кесипкөйлүктө эле эмес, мүмкүнчүлүктөрдө дагы. 


Үчүнчү версия - орус атайын кызматтарынын операциясы

Кыргыз-тажик тирешинде Түркиянын ролу кыйла жогорулады. ЖККУ, Канттагы аскердик авиабаза сыяктуу түзүмдөр кыргыз тарапка канчалык пайдасыз экени кашкайып көрүнүп калды. Анын үстүнө президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу интервью берип жатып "орус-түрк мамилелериндеги туура эмес позициясын" сынга алганы бар. Ушунун баары Бишкектин Анкара менен болгон мамилесине тоскоол болуучу жагдайларды жаратууга шарт түзүшү мүмкүн. Анткени Орхан Инанды кыргыз-түрк мамилелеринин талуу жерлеринин бири экенин орус чалгын кызматы абдан сонун түшүнүп турат. Эгерде бул версия туура чыккан болсо, анда Орхан Инанды психотроптук дарылар менен ууланган абалында табылат же тирүү табылбайт. Түркия тарапка шылтаган версияларга абдан жакшы жол ачылат. 

Айтмакчы, ресурстар жагынан орус чалгын кызматынын мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири. Биринчиден элдин жарымына жакыны ансыз деле орусча сүйлөйт, маалыматтардын көбү орусча. Экинчиден Кыргызстандын кылмыш дүйнөсү ("мыйзамдагы уурулар" сыяктуу) КМШнын кылмыш системасына баш ийет, демек аларга орус атайын кызматтарынын таасири күчтүү. Үчүнчүдөн ФСБ Санкт-Петербургдагы метрону жардыруунун инсценировкасын өзү уюштуруп, ал үчүн кыргыз жарандарын кармап кеткенде деле кыргыз тараптан эч ким кың дей алган эмес. 


Төртүнчү версия - Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын операциясы 

Кыргыз-түрк мамилесинин бузулушуна Орусия эле эмес, Батыш мамлекеттеринин да кызыкчылыгы бар. Бирок эгерде андай болсо Орхан Инандынын өзү менен сүйлөшүлүп жасалган нерсе болуп чыгат. Анткени биринчиден Фетхулла Гүлен чын эле АКШдан башпаанек таап отурат. Экинчиден бул түрк атайын кызматтарынын операцияларынын алдын алуунун эң жакшы жолу болушу да мүмкүн. 

АКШнын кош стандарттуу саясаты көп эле жерде билинген. Айталык, Кыргызстандагы кабыл алынып жаткан мыйзамдарга чейин пикирин билдирип жүргөн расмий Вашингтон Жамал Хашогжи араб элчилигинде кескиленип өлтүрүлгөндө расмий Эр-Риядды жемелемиш болуп эле тим болгон. Болбосо адам укуктарына, айрыкча өз өлкөсүндөгү гезиттин кабарчысына күйгөнү чын болсо саудиттерди авиабазасына карабай тыптыйпыл кылышы керек эле. Андай болгон жок. 

Айтмакчы, ушул эле себептерден улам бир кезде кыргыз саясатын кыйсыпыр түшүргөн Айеркен Саймаити да чындап эле өлгөнүнө кепилдик да жок... Күбөлөрдү коргоо программасы менен АКШнын кайсы бир аралдарында башка фамилия, башка өздүк менен ээн-эркин жашап жатса таң калбайм. 

Бирок АКШнын же дагы башка Батыш мамлекеттеринин чалгын кызматтары да анчалык ресурсу жок. Финансы, маалымат жана башкалар жетиштүү болушу мүмкүн, бирок муну ишке ашырыш үчүн биринчи иретте жоопкерчиликти ала турган конкреттүү адам керек. 


Бешинчи версия - өзүнүн жашынышы 

Эгерде Гүлендин түзүмдөрүнүн башында тургандар чын эле глобалисттик дымагы бар болсо, анда алар азыркы кыргыз бийлиги менен түрк бийлигинин алакасын бузууга умтулган болушу толук мүмкүн. Андай кадамдардан оолак болчу адам бир нече жыл мурун Эрдогандын мамилесин билип туруп элчи менен чогуу отура турган ифтарга атайылап барбайт болчу. Бир эсе Селахеддин Гүлен кармалып жаткан шартта түрк атайын кызматтарынын ошондой кадамына каршы бул абдан жакшы ыкма болмок. Анткени элдин баары анын жоголушун эми түрктөрдөн гана көрөт. Түркиянын атайын кызматтарынын бул багыттагы активдүүлүгү басаңдагыча чындап эле кармалып кетүүдөн сактай турган ыкма да ушул. 


Версияларды салыштыруу 

Жогоруда айтылган жагдайлардан улам, криминалдык топтордун жоругу тууралуу версия менен түрк атайын кызматтарынын операциясы тууралуу версиялардын талуу жерлери көп. Ал эми акыркы үч версия чындыкка жакыныраак. Эгерде Орхан Инанды тирүү табылбай калса бешинчи версияны жокко чыгарышка туура келет. Тирүү табылса ошол акыркы үчөөнүн бири чындыкка жакын болот. 


Жыргалбек Касаболот, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн