Дайынсыз жоголгон Орхан Инанды учурда Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин имаратында болушу мүмкүн. Бул тууралуу Инандынын жубайы Рейхан видео кайрылуусунда айтты.
Ал бул маалыматты берген адамдын ким экенин айта албай турганын, себеби анын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн экенин билдирди.
"Саламатсыздарбы, урматтуу кыргыз элим? Биз Орхан Инандыны 31-майдан бери таппай, сыздап издеп жүрсөк, мага жеткен маалыматтар боюнча ал Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатыптыр. Бүгүн аны кыйнап, Кыргыз жарандыгынан чыгам деген арызын жаздырып, Кыргыз өлкөсүнөн алып чыгып кетишет экен. Ушак дейин десем дал ушул сыяктуу жол менен Түркия дүйнөнүн булуң-бурчунан "Сапат" системасында иштеген мугалимдерди террорист деп Түркияга алып кетет экен", - деди Инандынын жубайы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн