Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ормонов: Той-аш боюнча мыйзамды бузган аткаминер, депутаттар иштен алынат

27.05.2021 18:11
1384
Ормонов: Той-аш боюнча мыйзамды бузган аткаминер, депутаттар иштен алынат

"Үлпөт той, маараке-салтанаттарын, сөөк көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоорунда депутат, аткаминерлер үчүн өзүнчө берене каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов "Спутник Кыргызстан" кызматына билдирди.


Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Ормоновдун айтымында, той-аш боюнча мыйзам күчүнө кирип калса, ашыкча шаан-шөкөт кылган депутат, аткаминерлер да жазаланат.


"Мыйзамдын 11-беренесинде "ушул мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик" деген бөлүмү бар. Бул жерде жеке жана юридикалык жактар мыйзамды сактабаса жоопко тартылат деп жазылып турат. Кеп айып пул жөнүндө болуп жатат. Мындан тышкары, той-аш өткөрүүдө тартипти чоңдор өздөрү бузат деген элдин сөзүнөн улам алар үчүн да өзүнчө берене киргиздик. Анда "Мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясий, атайын, административдик кызмат адамдары жана алардын балдары бул мыйзамдын талаптарын бузса, кызматтан алынат" деп жазылган. Булардын баары азыр коомдук талкууда", — деди эл өкүлү.

Ормонов мыйзамдын аткарылышын бийлик дыкаттык менен көзөмөлгө алышы керектигин белгилеп, антпесе көп нерсе көмүскөдө калып каларын айтты.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Чондор билгенин кыла берет Мыйзам карапайымга жазылат