Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ормуков Дастан Бекешевди жоопкерчиликке тартуу үчүн анын мандатын чакыртып алуу ниетинде

07.07.2022 19:03
407
Ормуков Дастан Бекешевди жоопкерчиликке тартуу үчүн анын мандатын чакыртып алуу ниетинде


Темирлан Ормуков депутат Дастан Бекешевдин мандатын чакыртып алуу ниетинде коомдук комиссия түзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.


Ормуковдун айтымында, ал 2016-жылы Башкы прокуратурага «Депутаттын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсү, аталган коомдун мүлкүн жакындарына каттатуу, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, ошондой эле Жогорку Кеңештин фондунан алынган 2 млн 700 миң сомду өздөштүрүп алуу” фактылары менен кайрылган.


"Тергөө бүтө электе мага карата жалган жалаа жабуу боюнча арыз да жазган. Ага жети жолу баш тартышты, Ормуковдун аракетинде кылмыштын курамы жок деп айтышты. Анан менин ырымды Башкы прокуратурага алып барды. Андан соң иш таптакыр башка нукка түшүп, саясатка айланып кетти", - деди Ормуков.


2016-жылдын 27-сентябрында Бекешев нарындыктарды кой деп атаган Атамбаев тууралуу жазылган ыр менен Башкы прокуратурага кайрылган. Мен ага койго жооп бергендей жооп бердим. Бекешев президенттин ишмердүүлүгү боюнча мыйзамдын 4-беренесинин бар экенин, ага ылайык, депутат президентти коргоп сүйлөй алат деген жүйө келтирди. Башкы прокуратура бул ырды экспертизадан өткөрүп, мени нарындыктарды жана таластыктарды Атамбаевге каршы тукуруп, аймактар ​​аралык кастыкты козутуп  жатат деп табышты.


"Акыры иш козголуп, эл алдында кечирим сурашымды талап кыла башташты. Мен баш тарттым, мени СИЗОго камап салышты. Мен чыкканда Атамбаев менен Сооронбай кызматтан кетип калышкан. Бекешев сотко келип, арызын кайтарып алды. Арызында Ормуковго дооматым жок деп жазып берди. Анан мен каршы болдум: мени 2,5 жыл сүйрөп жүрдү, инфарктка алып келди, мен түрмөдө отургам, ошондуктан макул эмесмин. Мамлекет мени кылмышка айыптагандыктан, далилдеп берсин. Учурда сот процесси уланып жатат. Бекешев да жабырлануучу. Бекешевдин арызы менен кылмыш иши токтотулганы менен менде дагы эле жоопко тартылган адам деген статус бар - сот болгон эмес. Бул реабилитациялай турган берене эмес. Ошондуктан актоо же айыптоо өкүмү болушу керек. Соттор, прокурорлор ишти аягына чыгара алышпай кыйналып жатышат. 28 адамда күбө катары чогултушкан, азыр эч кимди таппай жатышат. Алардын жарымы сокур, жарымы дүлөй. Мен күнөөм боюнча көрсөтмө берген жокмун, сотто көрсөтмө берем дегем. Мына алты судья алмашты", - деди Ормуков.


Анын айтымында, курамына 17 адам кирген комиссия Бекешевди кол тийбестиктен ажыратуу жана ага карата иш козгоо үчүн кол топтойт.


"Анын кол тийбестиги бар болсо, аны жоопко тартууга болбойт. Бул башкы прокурордун өтүнүчү менен же мандатын алып салуу жолу менен гана ишке ашат", - деген Ормуков комиссия декабрь айына чейин кол топтой турганын кошумчалады.


Дастан Бекешев Kaktus.media сайтына «бул болбогон кепке» комментарий бергиси келбей турганын билдирген.


"Комиссия түзсө түзө берсин. Адам жөн эле өзүнө көңүл бурдургусу келип жатат. Аял таап алса жакшы болмок, болбосо мага эле көрүп калды. Мен ага кандайдыр бир реакция кыла тургандай ал менин шайлоочум эмес. Үйдө отуруп алып жок дегенде 100 комиссия түзсө болот. Эгер бул ага ырахат алып келсе, кыла берсин", - деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн