Орок айылындагы мушташтан кийин жаракат алган 4 адам Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 31-декабрда аталган борбордун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2 жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. «Бир жабырлануучу травматология бөлүмүндө жатат. Ошондой эле, дагы бир бейтап Урология борборуна жөнөтүлдү», – деп билдиришти борбордон.
Эскерте кетсек, 29-декабрда саат 21:00 чамасында 52 жаштагы А.А. жана 50 жаштагы И.Э. борбордогу ресторанда эс алып жатканда мушташкан. Андан кийин 50 жаштагы И.Э. досуна кек сактаган. Ал киши достору менен Орок айылына келип, үйдүн дарбазаларын талкалап, таанышын жана анын 27 жаштагы уулун сабап башташкан. Акыркысы тапанча менен ок чыгарган.
Аталган кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары башталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн