Бугу 01, 2024
Убакыт: 05:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Орозайым Нарматованын депутаттык мандаты жокко чыгарылды

20.01.2022 21:05
1025
Орозайым Нарматованын депутаттык мандаты жокко чыгарылды


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Мындан тышкары, сессияларды жана тиешелүү сынактарды тапшыруу учурунда Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусияда жүргөнү аныкталганы кабарланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Боршайкомдун 20-январдагы жыйынында бул маалыматтарды ырастап, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде комиссия иштеп, Нарматовага берилген дипломду чакыртып алуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн