Орозо айтта аралыкты сактап, бир жерге чогулбай тартипти сакташ керек. Бул тууралуу 23-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Орозо айтта аралыкты сактап, бир жерге чогулбай тартипти сактаса жакшы болот эле. Анткени жуктуруп алуу учуру басаңдай элек. Ошондой эле жаңы мекемелер ишке кирүүдө, алардагы санитардык эрежелерди катуу кармануусу керек. Ооруну кескин түрдө көбөйтүп албай жоопкерчилик менен караш керек”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн