Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда тараган биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан Рамазан айында акча таратылат деген маалыматты төгүндөдү
"Урматтуу интернет колдонуучулары, сиздерге төмөндөгү маалымат жалган экенин маалымдайбыз. Маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар.
Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз",- деди Орунбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн